Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Алайдагы жол тосуу бюджетке 83 миллион сомдой чыгым алып келди


Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014.
Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014.
Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош-Эркеч-Там жолун буушунан бюджетке 83 миллион сом бажы төлөмдөрү түшпөй калды. Бул тууралуу бүгүн Бажы кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, буулган жолдо ушу тапта 150дөн ашык жүк ташуучу машине токтоп турат. Андан орто эсеп менен бажы төлөмдөрү 60 миллион сомго аз топтолуп жатат. Эгерде жол ачылбаса айдын аягына чейин чыгым 180 миллион сомго жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда Бажы кызматы жолдун буулушунан чочулап, Кытайдан кирген автоунаалардын саны азайганын билдирүүдө.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG