Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

КСДП Талды-Булак кениндеги абалды кароодо


"Алтын-Кен" ишканасынын кеңсеси, Кемин, 22-октябрь, 2012.

"Алтын-Кен" ишканасынын кеңсеси, Кемин, 22-октябрь, 2012.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы Кеминдеги Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги абалды талкуулап жатат. Анда кендеги абал боюнча биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев маалымат берүүдө. Буга чейин кен жайгашкан Орловка шаарчасынын тургундары кендеги чалгындоо иштеринин жүрүшүндө экологиялык эрежелер сакталбай жатканына нааразылык билдирип чыккан болчу.

Талды-Булак-Сол жээк кенинде чалгындоо иштерин “Алтын-Кен” ишканасы жүргүзүп келет. Ишкана быйыл августтан тарта алтын каза баштоону мерчемдөөдө.

Талды-Булакта алтындан сырткары күмүш жана күкүрт да казып алынат. Изилдөөлөр боюнча, алтындын көлөмү 78 тоннага жакын. Жергиликтүү калк 60 пайызы Кытай компаниясына, 40 пайызы “Кыргыз алтын” ачык акционердик коомуна караган “Алтын-Кен” ишканасына каршы чыгып, бир нече жолу акция өткөрүшкөн. 2011-жылы сатып алган Кытай компаниясынын келишим мөөнөтү 2026-жылы бүтөт. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG