Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:53

Кыргызстан Ирактагы окуяларды айыптайт


Ирак -- өлкө түндүгүндө аймактарда болуп жаткан зордук-зомбулуктан качкан эл. 12-июнь, 2014.

Ирак -- өлкө түндүгүндө аймактарда болуп жаткан зордук-зомбулуктан качкан эл. 12-июнь, 2014.

Кыргызстан Ирактын Мосул шаарындагы түрк дипломаттарына кол салууну айыптайт. Бул тууралуу БУУнун башкы асамблеясындагы терроризмге каршы жыйында Кыргызстандын бул уюмдагы туруктуу өкүлү Таалайбек Кыдыров билдирди. Өз сөзүндө Кыдыров Ирактагы акыркы окуяларга кабатырлыгын билдирип, барымтага алынган түрк дипломаттарын тезинен бошотууга жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырды. Кыдыровдун айтымында, Кыргызстан дүйнөдөгү бардык террористтик аракеттерди айыптаарын жана бул багыттагы Улуттар уюмунун контртеррористтик стратегиясын колдой турганын маалымдады. Бул тууралуу бүгүн кыргыз тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

10-июнда Ирактагы “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлер Мосул жана Тикрит шаарларын басып алган. Мосул шаарын басып алууда алар Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кол салып, дипломаттарды барымтага алган болчу. “Ирак жана Леванта Ислам мамлекети” деп аталган радикалдык топ мүчөлөрү эми борбор шаар Багдадга кол сала турганын билдирүүдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG