Линктер

дүйшөмбү, 24-апрель, 2017 Бишкек убактысы 04:02
Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында Обаманын Лукашенкого киргизген санкциясын колдогон акция өткөрдү.

Токтонасыров колуна “Обама сиздин санкция эң туура”, “Лука... Бакиевди Кыргызстанга бер!” деген жазууларды кармап, бир топко чейин кол чаап турду. Укук коргоочунун акциясына элчиликтен эч кандай реакция болгон жок.

- Мен Барак Обаманын санкциясын толугу менен колдойм. Лукашенко Беларусту өзүм билемдик менен, диктаторлук менен башкарып жатат. Ал Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бериши керек болчу”, - деди активист

Беларус президенти Александр Лукашенко баш болгон бир катар чиновниктерге 2006-жылы АКШнын ошондогу президенти Жорж Буштун учурунда санкция киргизилген. Анда АКШ Лукашенко үчүнчү ирет президенттик шайлоодо жеңип чыгуусунда шайлоонун жыйнытыгы бурмаланган деп санкция киргизген. АКШ президенти Барак Обаманын буйругу менен эми ал санкция дагы бир жылга узартылды. Ал эми Лукашенко 2010-жылы дагы бир мөөнөткө президенттикке шайланган. (UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG