Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенген орус жараны кармалды


Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 12-июнда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-тилек” бекетинен жасалма паспорт менен коңшу өлкөгө өтүүгө аракет кылган Орусиянын жараны кармалган. Кармалган жарандын паспортундагы сүрөтү алмаштырылып, туулган жылы өзгөртүлгөн.

Кармалган жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ысык-Ата бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG