Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Кыргызстан Катарга кой экспорттошу мүмкүн


Төө-Ашуудан мал айдап бараткан балдар, 17-июнь, 2011.
Төө-Ашуудан мал айдап бараткан балдар, 17-июнь, 2011.
Кыргызстан Катар мамлекетине жылына 1,5 жашка чейинки 1 млн. койду тирүүлөй экспорттошу мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу боюнча башкармалыгынын башчысы Жумабек Асылбеков билдирди. Бул боюнча айыл чарба министри баштаган топ 4-5-июнь күндөрү Катарга иш сапары менен болгон учурда сөз болгон. Эми Катар бул жакка эксперттерин жөнөтүп, эттин сапатын изилдеп чыккандан кийин гана расмий макулдашууга кол коюлат.

Кыргызстан азыр жылына коңшу жана араб өлкөлөрүнө 500 миң башка жакын малды тирүүлөй экспорттойт. Ошол эле учурда 60 миң тоннага жакын эт азыктарын чет өлкөлөрдөн импорттойт. 2012-жылы Индиядан 2500 тонна буйвол эти импорттолсо, быйыл буйвол этинен 200 тонна гана кирген.(UEz)

XS
SM
MD
LG