Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Кыргызстандык жөө күлүк Азия чемпиону болду


Кытайдын Тайбей шаарында өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Дарья Маслова чемпион болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов кабарлады. Маалыматка ылайык, Маслова 5 километр аралыкты 16 минут 18 секундда чуркап өтүп, биринчи келди.

Дарья Масловадан сырткары дагы эки жөө күлүк бүгүн жарыштарга катышууда. Алар Ксения Файсканова жана Дмитрий Тимков. Жөө күлүктөрдү Азия оюндарынын чемпиону, жаш машыктыруучу Татьяна Борисова баштап жүрөт.(КМа)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG