Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Украин армиясы Мариупол шаарын курчоого алды


Украина -- Мариуполдогу орусиячыл жикчилер, 9-июнь, 2014.
Украина -- Мариуполдогу орусиячыл жикчилер, 9-июнь, 2014.
Украинанын куралдуу күчтөрү козголоңчулардын колундагы Мариупол шаарын курчоого алды. Ички иштер министри Арсен Аваковдун Фэйсбукта жазышына караганда, армия 13-июндун таңында шаарга чабуул койду.

Жикчилер кармаш жүрүп жатканын тастыктап, 5 кишиси окко учканын билдиришти.
Аваковдун айтымында, козголоңчулардын негизги таяныч пункттары бошотулду жана көзгө атарлар жашырынган жайлар талкаланды. Операциянын жүрүшүндө өкмөттүк армиянын эки жоокери жараланганы кабарланууда. Ал эми козголоңчулар аскерлерди ташыган техника жардырылып, бир нече аскер жараат алганын ырасташууда.

Ал тапта Киев Украинанын чыгышына Орусия тараптан 3 танк жана башка аскердик техника кирип келгенин айтып, президент Петро Порошенко Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон сүйлөшүүсүндө каршылыгын билдирди.
Бейшембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров зомбулукту токтотуу багытында эч кандай алга жылуунун жоктугуна камтамасын ортого салды.

XS
SM
MD
LG