Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Нальчикте түрмөдө отургандар ачкачылык жарыялашты


Нальчик шаары.
Нальчик шаары.
Орусиянын Кабардин-Балкар жумуриятындагы абакта отурган 50 чакты мусулман ачкачылык жарыялашты. Нальчиктеги түрмөдө отурган айыпкерлер акциясы жөнүндө жергиликтүү маалымат каражаттарына кабар беришкен.

Алар намаз окуганга, башка диний жөрөлгөлөр үчүн шарттын жоктугуна, түнкүсүн электр жарыгынын өчүрүлүшүнө, жакындарынан аманат ала албай жатышына даттанышты. "Орозо айы жакындаган сайын шарттар ого бетер начарлоодо", - дешет акчкачылык кармагандар.

Абактын расмий өкүлдөрү акция тууралуу маалыматты тастыкташа элек.

XS
SM
MD
LG