Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Казакстан 10 өлкөнүн жарандары үчүн визаны убактылуу жоёт


Кечки Астана.
Кечки Астана.
Казакстан сыноо иретинде 1 жылга 10 өлкөнүн жарандары үчүн визаны жоюуну пландоодо. Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү маалымдаганына караганда, 15-июлдан тартып АКШ, Голландия, Британия, Франция, Германия, Италия, Малайзия, Араб Эмираттары, Түштүк Корея жана Жапониянын жарандары Казакстанда 15 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Андан көп убакыт калууну каалагандар виза алууга тийиш.

Бул пилогттук долбоор 2015-жылдын 15-июлуна чейин уланып, андан кийин аны узартып-узартпоо маселеси каралмакчы.

Кечээ президент Нурсултан Назарбаев чет өлкөлүк инвесторлрдун форумунда бул программа тууралуу жарыялаган.

XS
SM
MD
LG