Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Нарындагы Борбор Азия университетинин негизги имараты быйыл бүтөт


Нарын шаарындагы эстелик
Нарын шаарындагы эстелик
Бул тууралуу курулушту жүргүзүп баштаган “Шибер” деп аталган казак компаниясынын жетекчисинин орун басары Алмаз Керебаев билдирди. Имаратты куруу үчүн жарыяланган тендерден 40 копманиянын ичинен “Шибер” утуп чыккан. Керебаевдин айтымында, Казакстандан жогорку деңгээлдеги адистер гана келип, калган жумушчулар, техникалар Нарындан алынат. Бүгүнкү күндө 200гө чукул жумушчу алынды. Курулуш ушул жылдын октябрь айларында бүтөөрү мерчемделүүдө.

Аравиядагы исмаилиттердин канзаадасы Карим Ага Хандын кору каржылаган Борбор Азия университети - Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстанды камтыган долбоор. Келишимге ылайык, бул университеттин Кыргызстандын Нарын, Казакстандын Текели, Тажикстандын Хорог шаарларында студенттик кампустары курулушу керек. Нарындагы кампуста Борбор Азия өлкөлөрү менен Ооганстандан 1200гө жакын студент билим алаары болжондонгон.

Нарын шаарынын батыш тарабындагы 230 гектардан ашык жерде 2000-жылы башталган окуу жайдын курулушу 2012-жылга чейин бүткөрүлөт деп мерчемделген. Бирок университеттин курулушу бүгүнкүгө чейин создуктурулуп келди.

XS
SM
MD
LG