Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:49

Карзай аткаминерлерди шайлоого кийлигишпөөгө чакырды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай өкмөт мүчөлөрү менен коопсуздук тармагынын жетекчилеринен 14-июндагы президенттик шайлоого кийлигишпөөнү талап кылды.

Бейшемби күнкү телекайрылуусунда ооган лидери шайлоо “демократия жана стабилдүүлүктү чыңдоо үчүн маанилүү” деп, элди өнөктүккө активдүү катышууга үндөдү. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү “жыйынтык чыкмайынча бейтарап болууга тийиш”, - деди Карзай.

Өлкө Конституциясы анын 3-мөөнөт үчүн ат салышуусуна жол бербейт. Шайлоонун экинчи айлампасына мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла жана мурдагы финансы министри Ашраф Гани чыгышкан.

Ал ортодо Талибан кыймылы оогандарга “өлгүңөр келбесе, добушканаларга барбагыла” деген эскертүү жасады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG