Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Донецк облусунун администрациясы Мариупол шаарына көчөт


Украинанын президенти Петро Порошенко жоокерлердин Мариупол шаарындагы "эрдигин" кубаттап, Донецк облусунун администрациясын ошол шаарга убактылуу көчүрүү буйругун берди. Анын алдында куралдуу күчтөр шаарды козголоңчулардан кайтарып алышканын маалымдалган. Ички иштер министри Арсен Аваковдун Фейсбукта жазышына караганда, бүгүн куралдуу күчтөр саат 10 жарымдарда шаардын негизги административдик имаратына улуттук желекти илишти.
Кармашта 5 жикчи окко учканы, бери дегенде 4 жоокер жарадар болгону кабарланууда. Министр өкмөттүк күчтөр ошондой эле Орусия менен чек арадагы 120 километрлик тилке жикчилдерден кайтарылганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG