Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:02

Обама: Багдад өкмөтүнө жардам берилиши мүмкүн


АКШнын президенти Барак Обама Ирактагы согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн аскерлер жөнөтүлбөйт, бирок Багдадга жардам көргөзүү мүмкүнчүлүгү каралууда деди. 13-июндагы сөзүндө президент андай мүмкүнчүлүк жакынкы күндөрү караларын, АКШнын кадамдары Ирак лидерлеринин аракеттерине таянышы керек деп белгиледи.

Президенттин айтымында, "Ирак менен Левантанын Ислам мамлекети" деген уюмдун согушкерлери Ирак элине жана АКШнын кызыкчылыктарына кооптонуу жаратууда. Обама Ирак өкмөтү сунниттер менен шииттердин бөлүнүп-жарылуусуна чекит коюу аракетин көрүүгө тийиш, же болбосо АКШ аскерлери козголоңго каршы күрөштө ийгиликке жетише албайт деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG