Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:36

Алай: Ош-Эркеч-Там жолу ачыла элек


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бууган Ош-Эркеч-Там жолу ачыла элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Келдибековду коргоо комитетинин төрагасы Керим Сарбашев билдирди. Анын айтымында, камактагы депутаттын тарапкерлери жол боюна 19 боз үй тигип, акциясын улантууда.

- Биздин негизи талап болгон Акматбек Келдибековду үй камагына чыгармайын, биз жолду ачпайбыз. Буга чейин жергиликтүү бийликтер менен болгон сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады-деди Сарбашев.

Буга чейин Алай райондук соту 6-июнда Келдибековдун тарапкерлеринин топтолушуна тыюу салган чечим чыгарган. Ош облустук милициясы ал 16-июнда күчүнө кирерин маалымдап, ага чейин жол ачылбаса мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскерткен. Бирок Сарбашев бул тууралуу соттун эскертмеси менен тааныша электигин билдирүүдө.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Бажы кызматы жолдун буулушунан улам мамлекеттик казынага 83 миллион сом бажы төлөмдөрү түшпөй калганын билдирген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG