Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Бишкекте Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтүүдө


Бүгүн Бишкекте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чаралары өтүп жатат. Алгач Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюлду. Андан соң Бишкектеги Октябр кинотеатрында жазуучунун чыгармаларынын 8 томдук жыйнагынын жана адабиятчы Абдылдажан Акматалиев түзгөн “Чыңгыз Айтматовдун ак булуту” аттуу китептин бет ачаары өтөт. Муну менен катар Айтматовдун “Гүлсарат” повести боюнча тартылган режиссер Сергей Урусевскийдин “Жоргонун жүрүшү” аттуу тасма көрсөтүлмөкчү.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда көз жуумп, 14-июнда акыркы сапарга узатылган эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG