Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Украинада атып түшүрүлгөн учакта 49 аскер мерт кетти


Украинада орусиячыл жикчилер атып түшүргөн учакта 49 аскер мерт кетти. Өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдагандай, аскер-аба күчтөрүнө таандык ИЛ-76 үлгүсүндөгү учак өткөн түнү Лугансктагы аба майданына коноордо атып түшүрүлгөн. Бул окуя боюнча АКШ билдирүү таратып, учакты атып түшүрүү
расмий Киевдин Орусиядан жикчилерге оор аскердик техника жөнөткөнү тууралуу дооматын тастыкташы мүмкүн экенин билдирди.

Буга чейин Киев Украинанын чыгышына Орусия тараптан 3 танк жана башка аскердик техника кирип келгенин айтып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG