Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Эшимкановго арналган футбол боюнча турнир өттү


Бүгүн Бишкекте белгилүү журналист Мелис Эшимкановдун элесине арналган журналисттер арасында футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Анда өлкөдөгү маалымат каражаттарынан куралган 9 команда катышты. Финалдык беттеште ЭлТР телеканалы менен "ТОП.kg” спорттук гезитинин командасы ойноп, 2-1 эсебинде “ТОП.kg" гезити жеңүүчү болду. Экинчиликти ЭлТР, үчүнчү орунду КТРКнын командасы ээледи.

Бул турнир үч жылдан бери уюштурулуп келет. Буга чейин эки жыл катары менен “Азаттыктын” командасы жеңген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG