Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Зилзала пакистандыктарды дүрбөлөңгө салды


Ооганстандын түндүгүндө күчү 6 баллдык жер титирөө катталды. Зилзаланын очогу тоолуу Гиндукуш аймагында болгон. Силкинүү күчү Ооганстан менен чектеш Пакистандагы Пешавар шаарында жана Сват өрөөнүнө сезилди. Пакистан бийликтеринин кабарлашынча, зилзала бул аймактагы тургундарды дүрбөлөңгө түшүп, үйлөрүн таштап көчөгө чыгышкан. Алдын-ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана каза болгондор жок.

Ооганстан менен Пакистанда зилзала көп катталат. Өткөн жылы сентябрда Пакистандын Белужистан аймагындагы 7,7 баллдык жер титирөөдөн 376 адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG