Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

АКШ Киевдеги орус элчилигине кол салууну айыптады


АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псаки билдирүү таратып, Орусиянын Киевдеги дипломатиялык миссиясынын коопсуздугун камсыз кылууну Украина бийлигинен талап кылды. Расмий Вашингтон украин бийлигин өзүнүн эл аралык милдеттерин аткарууга чакырды.

Ишембиде Орусиянын Киевдеги элчилиги астында чогулган демонстранттар Москванын Украинанын чыгышындагы аракеттерин айыптап, дипломатиялык номурлары бар бир нече машинени оодарып, Орусиянын желегин айрып, имаратка сыр чачкан. Кечке маал имарат тарапка таш ыргытылганы маалымдалган.

Киев 14-май түнү өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнө таандык ИЛ-76 үлгүсүндөгү учакты Лугансктагы аба майданына коноордо орусиячыл жикчилер атып түшүргөнүн билдирген. Учактагы 49 аскер набыт болгон. Украинанын президенти Петро Порошенко аскердик-транспорттук самолетту атып кыйраткан орусиячыл жикчилер айныксыз жаза алат деп эскерткен.

14-июнда кечке маал Москвадагы Украина элчилигинин жанына 200гө чукул киши чогулуп, Киевдеги элчиликтин астындагы акцияны айыптап чыккан.

XS
SM
MD
LG