Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

Астанада оодарыш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө


Бүгүн, 15-июнда Казакстандын борбору Астанада оодарыш улуттук оюну боюнча Азиянын ачык чемпионаты уланууда. Анда кыргыз жигиттери да өлкө намысын коргоп жатат. Аларга оодарыш жана күрөш боюнча өлкөнүн көп жолку чемпиону Ниязбек Курманкулов баш-көз болуп жүрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов билдирди.

Ат үстүндөгү оодарыш боюнча Азия чемпионаты алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. 14-июнда башталган мелдеште Кыргызстан, Венгрия, Түркия, Кытай, Орусия, Ооганстан баштаган 11 өлкөнүн жигиттери күч сынашууда.

Кыргызстандын намысын тандалган 6 жигит коргоп жатат. Алардан Калыбек Бусурманкул уулу, Күмүшбек Кыдыралиев, Нурлан Молдокулов байгелүү орундарга илинип калышы мүмкүн экенин адистер айтууда. (КМа)

XS
SM
MD
LG