Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

ИИМ Камчы Көлбаев менен "түшүндүрүү ишин" жүргүздү


Милиция кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаев менен анын мындан аркы жүрүм-туруму боюнча "түшүндүрүү ишин жүргүздү". ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиевдин "Азаттыкка" айтымында, Көлбаев бүгүн аталган мекемеге чакыртылып, сүйлөшүүдөн кийин кайра кое берилди.

Көлбаев кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган деп айыпталып, 2012-жылдын декабрында камалган. Бирок жабыркагандар менен күбөлөр тергөөдө Көлбаевге каршы берген көрсөтмөлөрүнөн сотко келгенде баш тартып, айрым айыптар кыскарган.

Быйыл 14-майда Жогорку Сот Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ага чейин шаардык сот Көлбаевди 3 жылга эркинен ажыраткан эле. Жаза мөөнөтүн ал Бишкектеги №47 абакта өтөп, 8-июнда бошонгон.

Ушул айдын башында АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялаган. (RK)

XS
SM
MD
LG