Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

Кенияда согушкерлер элүүгө чукул адамды жок кылды


Сомалиден өтүп келген "ал-Шабаб" уюшмасынын кол салуусунда аз дегенде 48 киши өлтүрүлгөнүн Кения бийлиги бышыктады. Маалыматка караганда, мухит жээгиндеги Мпекетони шаарында полиция бекетине, банкка жана эки мейманканага кол салынган.

Аймакта 2011-жылы Кения Сомалиге басып кирип, өз чабуулун чет элдик туристтердин улам уурдалуусу менен түшүндүргөн эле. "Ал-Шабаб" Сомалиде кения аскерлеринин турушуна байланышкан чабуулдарын уланта берерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG