Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:17

Акын жана журналист Александр Никитенко каза болду


15-июнда Бишкекте белгилүү акын, журналист, котормочу жана спорт баяндамачы Александр Никитенко 67 жаш курагында оорудан көз жумду.

Ал Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин бүткөндөн кийин узак убакыт "Вечерний Бишкек", “Моя столица”, "МСН" гезиттеринде жана "Литературный Кыргызстан" журналында жооптуу кызматтарда иштеген. 14 поэтикалык жыйнактын автору болгон. Кыргыздын белгилүү акындары А.Осмонов, М.Алыбаев, Кыргыз эл акындары С.Жусуев, С.Эралиев, Б.Сарногоев, Р.Рыскулов жана башкалардын ырларын орус тилине которгон. Жашында бокс менен машыгып, эл аралык мелдештерде жеңишке жетип, СССР спорт чебердигине талапкер болгон.

Никитенко өлкөнүн дене тарбия жана спортунун отличниги болуп, Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган. Көп жолу жылдын мыкты спорт журналисти аталган.

“Азаттык” радиосунун жамааты Александр Никитенконун жакындарына көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөт. (КМа)

XS
SM
MD
LG