Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Ош жана Жалал-Абадда психикалык жардам борборлору ачылат


Ош жана Жалал-Абад облустарында психикалык жактан жабыркаган сыркоолорго жардам көрсөтүү боюнча жамааттык борборлор ачылат. Бул тууралуу "Адам укуктары боюнча эдвокаси борбордон" кабарлашты. Мындай иш жалпы республикалык деңгээлде жүрүп жаткан реформа алкагында жасалат.

Соңку 7 жылдан бери "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен Бишкекте психикалык жардамды жабык ооруканалардан тышкары деле көрсөтсө болорун далилдеген долбоор ишке ашырылып келатат. Анын алкагында оор илдетке чалдыккан 300 адам сакайып кеткен.

Советтик мезгилден бери калыптанган системага ылайык психикалык сыркоолор сөзсүз коомдон изоляцияланат. Бирок айрым ооруларды адамды коомдон таптакыр ажыратпай туруп дарылоо мүмкүн экенин айрым адистер айтып келатат.

Укук коргоочулардын айтымында, Ош жана Жалал-Абадда 2010-жылдын июнь окуясынан кийин көптөгөн тургундардын психикасы жабыркагандыктан алар жардамга муктаж. (RK)

XS
SM
MD
LG