Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Нарын: Абактагы эки адам ачкачылык кармоодо


Нарын шаарындагы абакта эки адам ачкачылык кармоодо. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жаза аткаруу мекемесинин маалымат кызматынан кабарлашты. Алар суу гана ичип, түрмөнүн тамагынан баш тартууда.

Ачкачылык кармап жаткандар быйыл 20-февралда Жумгал сотунда cоттолуучуларга май чачып өрттөөгө аракет кылган деп шектелип камалгандар экенин бүгүн Кыйноолорго каршы улуттук борбордун Нарын облусундагы өкүлү Эркин Асаналиев билдирген болчу. Алар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы болуп, иш кайра башынан тергелишин талап кылып жатат. Ачкачылык акциясы кечээ, 15-июнда башталды.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиционерге карата кылмыш иши козголгон.

20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркагандардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. Бул чыр боюнча 10 адам камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG