Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Бээжиндеги чабуул боюнча үч киши өлүм жазасына кесилди


Үрүмчүдө сот Тянянмен чабуулу боюнча үч кишини өлүм жазасына өкүм кылды. Кытайлык сот террорчулук кинеси коюлган дагы төртөөнү 20 жылга кести.

Жетөөнүн үстүнөн сот иши былтыр октябрда беш киши каза тапкан Бээжиндин борбордук аянтындагы кол салууга байланыштуу жүрдү. Беш курмандыктын үчөө машина менен кол салгандар өздөрү болгон.

Бийлик чабуул үчүн Шинжаңдын түрк тилдүү уйгур калкынан чыккан экстремисттер күнөөлүү деп ырастаган. Кол салуунун максаты маалым эмес.

XS
SM
MD
LG