Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:51
Өзбекстан өлкөнүн түштүк аймагына газ берүүнү калыбына келтирүү үчүн Сох эксклавына коридор ачуу жана Нарын дарыясында курулуп жаткан ГЭСтер боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүүнү талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүндөгү атын атагысы келбеген өкүл билдирди. Маалыматка ылайык, өзбек бийликтери жогорудагы эки талап аткарылган соң гана газ маселеси чечилерин билдирген. Бирок Кыргызстан андай талапты кабыл албасын жана эч качан андай кадамга барбасын айткан.

Ош шаары эки айдан бери көгүлтүр отунсуз отурат. Себеби "Кыргызгазды" өкмөт Орусияга бир долларга сатып жибергенден кийин Өзбекстандын "Узтрансгаз" ишканасы газ берүүнү токтотуп койгон. Кыргыз өкмөтү газ маселесин чечүү боюнча өзбек бийликтери сөзгө келбей жатканын билдирип келген.

Сох анклавы Баткен облусунун ичинде. Өзбекстан көптөн бери аны өлкөнүн негизги аймагына кошуп алууга кызыкдар болуп келет. А түгүл 2001-жылы Курманбек Бакиев премьер-министр болуп турганда Сохко коридор берүү боюнча жашыруун меморандумга кол коюп да жиберген. Бирок кийин бул коомчулукка чыгып кетип, парламент аны дароо четке каккан. (KJ/BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG