Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:36

АКШ Иракка сокку урушу мүмкүн


АКШнын Мамкатчысы Жон Керри Вашингтон Ирак өкмөтүнө согушкерлер менен күрөштө кол кабыш көрсөтүү максатында абадан сокку урууну караштырып жаткандыгын бышыктады. Керри ошондой эле маселени Иран менен сүйлөшүү да мүмкүн экендигин белгиледи. Яху Ньюс менен маегинде Ирактагы шийилер басымдуулук кылган өкмөттүн суннилердин исламчыл согушкерлери менен согушуна жардамдашуунун жолдорун Иран менен талкуулоого «даяр» экендигин кошумчалады. Өткөн түнү Иракта дагы бир шаар, Багдаддан 420 чакырым түндүк-батыштагы Тал-Афар сунни согушкерлеринин колуна өттү. "Левант жана Ирактагы Ислам мамлекети" радикал уюму Тикрит шаарында аскерге жаңы алынган 1700 аскерди өлүм жазасына тарткандыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG