Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Кытайда 13 киши өлүм жазасына тартылды


Маалыматтарга караганда, Шиңжаңдагы терроризм жана кандуу кол салуулар боюнча жети окуяга байланыштуу 13 киши өлүм жазасына тартылды. Бүгүн ошондой эле Үрүмчүдө сот Тянанмэн чабуулу боюнча үч кишини өлүм жазасына өкүм кылды. Сот дагы төртөөнү 20 жылга кести. Жетөөнүн үстүнөн сот иши былтыр октябрда беш киши каза тапкан Бээжиндин борбордук аянтындагы кол салууга байланыштуу жүрдү. Беш курмандыктын үчөө машина менен кол салгандар өздөрү болгон. Бийликтер чабуул үчүн Шинжаңдын түрк тилдүү уйгур калкынан чыккан экстремисттер күнөөлүү деп ырастаган. Кол салуунун максаты маалым эмес.

XS
SM
MD
LG