Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Президент Ошту суюлтулган газ менен камсыздоону сунуштады


Каржы министри Ольга Лаврованы 16-июндагы кабыл алууда мамлекет башчысы Ош шаарын жана облусун суюлтулган газ менен камсыз кылууну Орусиядан келе турган каражаттын эсебинен каржылоону карап көрүүнү тапшырды. Түштүк регион 14-апрелден бери газсыз отурат.

Орусия менен Кыргызстан 29-майда Астана саммитинде Өнүктүрүү фондун түзүүнү макулдашкан. Орусия ага 1 млрд. доллар каражат бөлүүнү чечкен.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыктын” таңкы маегинде маселе Ошто калкты жетиштүү газ баллондору менен камсыз кылуу тууралуу болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, азыркы кезде 15 миңдей газ баллону жетишпейт. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG