Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Мөңгүлөр боюнча мыйзамды макулдашуу комиссиясы карайт


Ага Жогорку Кеңештеги президенттин, өкмөттүн өкүлдөрү жана мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, КСДП фракциясынын мүчөсү Эркингүл Иманкожоева кирди. Анын айтымында, макулдашуу комиссиясынын ишине 30 күн берилет. Ошондуктан маселе күзгү сессияга кала турган болууда. Бирок тараптардын ортосунда келишпестик күчтүү.

Президент жана өкмөттүн өкүлү мыйзамдын алтынчы беренесин алып салууну жактоодо. Ал беренеде мөңгүлөрдүн үстүнө таштанды, тоо тектерин төгүүгө тыюу салуу, ал эми мөңгүлүү жерде кенди жер асты менен казуу талаптары коюлган.

"Ошондуктан бул беренесиз мыйзамды кабыл алуунун кажети жок" деп белгиледи Иманкожоева. “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамга президент тарабынан вето коюлуп, парламентке кайтарылган. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG