Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Жалал-Абадда чек арачынын өлүмү иликтенүүдө


Чек ара кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Ала-Букадагы чек ара отрядында кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн өзү атып, ооруканага жетпей көз жумду. Ал аскерге былтыр күзүндө Жалал-Абаддан чакырылган. Каргашалуу окуянын чоо жайын азыр аскердик прокурорлор териштирүүдө.

Ушуну менен жыл башынан бери Кыргызстанда аскер кызматкерлери арасында үчүнчү өлүм катталууда. Январда мындай окуя Канттагы аскер бөлүктө болгон. Февралда Кой-Таш айылында жайгашкан аскердик бөлүктүн эски казармаларынын биринде моюнунан асынган аскердин сөөгү табылган. (RK)

XS
SM
MD
LG