Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Нарында абактагы ачкачылык уланууда


Нарын абагында ачкачылык акциясы бүгүн да уланууда. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Бүгүн аталган мекемеде түзүлгөн комиссия Нарынга барат.

Кечээтен бери эки адам суу гана ичип, түрмөнүн тамагынан баш тартууда. Ачкачылык кармап жаткандар быйыл 20-февралда Жумгал сотунда cоттолуучуларга май чачып өрттөөгө аракет кылган деп шектелип камалгандар. Алар тергөөнүн жыйынтыгына нааразы болуп, иш кайра тергелишин талап кылууда.

Былтыр декабрда Чаек айылынын жашоочусу Айбек Мамбеталиев Кара-Кечедеги көмүр кенинде каза тапкан. Анын өлүмүнө шектүү жергиликтүү үч милиционерге карата кылмыш иши козголгон.

20-февралда окуя боюнча сот жүрүп жаткан учурда жабыркаган тарап темир тордо отурган cоттолуучуларга май чачып, өрттөөгө аракет кылган. Андан жабыркагандардын экөө ооруканага жатып чыккан. Чатак учурунда жоголгон үчүнчү милиционердин сөөгү 3 айдан кийин табылган. Бул чыр боюнча 10 адам камакка алынган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG