Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Алайда жол буугандар менен сүйлөшүү натыйжа бере элек


Бүгүн коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов камактагы депутат Акматбек Келдибековдун Алайда Ош – Эркеч-Там жолун бууп турган тарапкерлери менен жолугууда. Маматалиев жолду тороо мыйзамга каршы келерин айтып, чогулгандарды жолду ачууга үндөп жатат. Асанов акция катышуучуларына күч колдонулбай турганын билдирип, "Бишкектен милициянын атайын даярдыктагы тобу келатат" деген сөз чындыкка дал келбесин айтты.

Келдибековдун тарапкерлери
депутат үй камагына чыгарылмайын жолду ачпай турганын билдирип жатат. Буга чейин Алай райондук сотунун жолду тосууга тыюу салган чечими чыгып, ал 16-июнда күчүнө кирген.

Ош – Эркеч-Там жолу Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери буулуп турат. (YI/BkA)

XS
SM
MD
LG