Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Базар-Коргондо мамкаттоого нааразылык айтылууда


Бүгүн Базар-Коргон айылында өткөн жергиликтүү тургундардын жыйынында райондук архитектура жана мамкаттоо жетекчилерин иштен алуу талабы айтылды. Айыл аймак башчысы Абдыкадыр Жолчиевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, учурда 450 кожолук турак жайынын документин ала албай жүрөт. Алар өкмөттүн ушул жылдын 25-февралындагы "Сугат жана айдоо жерлерине 2009-жылдын 31-июлуна чейин мыйзамсыз курулган жеке турак үйлөрдү тактоо" токтому аткарылбай жатканы үчүн архитектура жана мамкаттоо жетекчилерин айыптады.

Ал эми аталган мекеме башчылары маселени сот чечмейинче кийлигишүүгө акысы жок экенин билдирди.

Жыйынга район акими, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана 500гө жакын жашоочу катышты. (RsK)

XS
SM
MD
LG