Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:42

Жаш активисттер бийликке кайрылуу жолдоду


Бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү бүгүн президент жана өкмөткө кайрылуу жолдоду. “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, 7-июнда Чүйдөгү Чокморов айылында жаш активисттер, бир нече партиянын жаштар канатынын лидерлери жолугушуу өткөргөн. Жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынган.

Шарттуу түрдө “Чокморов резолюциясы” аталган кайрылууда активисттер бийликке "чек ара маселесин тезинен чечүү, өлкөдөгү стратегиялык ишканаларды сатууну токтотуу, Бажы биримдиги баштаган интеграциялык уюмдарга кошулууда улуттук кызыкчылыкты эске алуу, кадр саясатына көңүл буруп, саясий элита жаңырышына шарт түзүү, коррупция менен тандалма күрөштү токтотуп, жемкордукка катышы бар бийликтеги адамдарды жазага тартуу" талаптарын койгон.

Учурда Кыргызстанда "Элита-500" долбоору ишке ашырыла баштады. Ал аркылуу бийлик жаңы, кесипкөй, таза элитаны калыптандыруу максатын көздөөрүн айтууда. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG