"Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети" уюшулмасынын жоочуларынын чабуулунун астында 17-июнда жабык түрдө шийи, сунни жана күрт лидерлери жолугушту.
Жолугушуудан кийин Ирак телекөрсөтүүсүнөн мурунку өкмөт башчы Ибрагим аль-Жафари чыгып, “террордук күчтөрдү” айыптаган, Ирактын эгемендигин жактаган жалпы кайрылууну окуп берди.
"Ирактын жана Леванттын ислам мамлекетинин" жоочулары көбүнчө суннилер жайгашкан өлкө түндүгүн ээлеп алышты. АКШнын президенти Барак Обама премьер-министр Нур аль-Малики азчылыкты түзгөн суннилер менен тил табышыш керектигин билдирди. Ирак өкмөт башчысы жоочуларды Сауд Арабиясы колдоого алууда деп айыптаса, Эр-Рияд аны четке кагууда. (AiT)