Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

"Манастын" Оштогу өкүлчүлүгү жемкордукка айыпталууда


"Манас" эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын жетекчилиги жемкордукка айыпталууда. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты. Унаа прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, Оштогу аэровокзалды реконструкциялоодо мамлекетке 3,5 миллион сом зыян келтирилгенин аныктаган.

12-июнда кылмыш иш козголуп, азыр тергөө жүрүп жатат. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG