Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Алексей Федосеев кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону болду


17-июнда Бишкектеги "Ала-Тоо" эс алуу борборунда кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиондугу үчүн кыргызстандык Алексей Федосеев менен бразилиялык мушкер Эмерсон Фалькаонун беттешүүсү болду. Алар кесипкөйлөр арасындагы 66 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиондугу үчүн күч сынашты. Мелдешке италиялык калыс Роберто Фрагале калыстык кылды.

Жыйынтыгында арбын упай топтоо менен Алексей Федосеев жеңишке жетип, кесипкөйлөр арасында дүйнө чемпиону аталды. Ага чемпиондук курду Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов жана Эл аралык кикбоксинг ассоциациясынын вице-президенти Нассери Нассер тапшырды.

Федосеев 2012-жылы Бишкекте өткөн дүйнө чемпионатында да швециялык Мартин Актарды уткан. Ошондой эле ал Европа жана Азиянын чемпиону. (КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG