Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Алайдагы нааразылык акциясы уланууда


Камактагы оппозиционер депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Алайда нааразылык акциясын улантууда. Район акими Таалай Сарыбашевдин "Азаттыкка" айтымында, Ош – Эркеч-Там жолу дагы эле буулуп турат. Аталган жолго Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майда таш төгүлүп, боз үйлөр тигиле баштаган болчу.

Кечээ өкмөт өкүлдөрү акция катышуучулары менен жолугуп, жолду ачууну суранган, бирок натыйжа чыккан эмес.

Акимдин айтымында, нааразылардын атынан курамына алты киши кирген делегация бүгүн түнү Бишкекке учуп кетти. Аларды премьер-министр Жоомарт Оторбаев кабыл аларын кечээ Алайга барган вице-премьер Абдырахман Маматалиев айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG