Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

Экс-мэр Өмүркуловго сот өкүмү 25-июнда чыгат


Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралып жаткан борбор калаанын мурунку мэри Иса Өмүркулов баштаган мэрия кызматкерлери боюнча сот өкүмү 25-июнда чыгат. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты. Бүгүнкү жараянда соттолуучулар жана адвокаттар акыркы сөзүн сүйлөдү. Экс-мэр Өмүркулов өзүнө тагылган айып негизсиз экенин айтты.

Башкы прокуратура Өмүркулов баштаган мэриянын төрт кызматкерин Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы парктан жер тилкелерин мыйзамсыз берген деп айыптоодо. Буга чейинки жараянда мамлекеттик айыптоочу Өмүркуловду 8 жыл эркинен ажыратууну сураган.

Иса Өмүркулов былтыр декабрда кылмыш иш козголгон соң өз арызы менен кызматтан кеткен. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG