Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:57
Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши шейшембиде билдирүү таратып, Украинадагы кризисти чагылдырып жүрүп мерт болгон журналисттердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Кеңештин мүчөлөрү медиа кызматкерлердин өлүмүнүн себептерин кылдат иликтөөгө чакырды.

Украинадагы жаңжалды чагылдырууда эки орусиялык журналист, бир италиялык фотожурналист котормочусу менен каза тапты.

Коопсуздук кеңештин төрагасы, Орусиянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Виталий Чуркин кеңештин мүчөлөрү кабарчыларга каршы зордук-зомбулуктун бардык түрүн айыптаарын, журналисттерди кармоо жана куугунтуктоо тууралуу маалыматтар тынчсыздануу жаратаарын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG