Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:39

Ошто соттолуучуну коргогон адвокат сабалды


Бүгүн Ош облустук сотунда адвокат Күмүшбек Ыбыкеевди жабыркаган тараптын өкүлдөрү сабап кетти. Адвокаттын "Азаттыкка" айтымында, жол кырсыгына байланыштуу жараянда ал соттолуучунун кызыкчылыгын коргоп жаткан. Кырсыкта каза тапкан адамдын жакындары аны ур-токмокко алган. Сот имаратынан чыгып ооруканага келгенде да анын артынан барып коркутушкан. Ыбыкеев бүгүнкү окуя боюнча милицияга кайрыла турганын билдирди.

Буга чейин эл аралык “Фридом Хаус” уюму адвокаттарга кол салууну айыптап, мындай көрүнүш Кыргызстанда күч алып баратканына тынчсызданган болчу. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG