Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Өкмөт Бажы биримдигине кошулуу боюнча ишти тездетет


Бажы биримдигинин жолугушуусу 29-майда Астанада өткөн. Ага Армения менен Кыргызстан да катышкан.
Бажы биримдигинин жолугушуусу 29-майда Астанада өткөн. Ага Армения менен Кыргызстан да катышкан.
Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча мекеме аралык комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, өкмөт бул багытта документти иштеп чыгууну тездетмекчи. Бүгүн жыйын жүрүшүндө «жол картаны» ишке ашыруунун токтом долбоору макулдашылды. Ага ылайык, тармактар боюнча 14 жумушчу топ түзүлдү. Ошондой эле Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы Өнүктүрүү фондун түзүү иш-чаралары талкууланды.

Кыргызстанда 1 млрд. долларлык каражаты бар Өнүктүрүү фондун түзүү келишимине Кыргызстан менен Орусия Астанада 29-майда кол койгон. Фонд Кыргызстанда өндүрүш долбоорлорун ишке ашырууга, ишкерлерге насыя берүүгө багытталат.

Астана саммитинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча "жол картасы" кабыл алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG