Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

Өзбекстан электр шакекчеден чыкпай турганы расмий тастыкталды


Өзбекстандан аймактагы Бирдиктүү электр шакекчеден чыгуу тууралуу эч кандай расмий маалымат болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын "Улуттук электр тармактары" ишканасы расмий билдирүү таратты. Мекеме жетекчиси Медет Айткулов бүгүн Ысык-Көлдө өтүп жаткан жыйында “Узбекэнерго” ишканасынын жетекчи орун басары Ризикул Раимов менен жолукту. Анда Өзбекстан өкүлү өз өлкөсүнүн Бирдиктүү шакекчеден чыгуусу тууралуу эч кандай билдирүү жасаган эмес.

Буга чейин айрым маалымат агенттиктер кыргыз өкмөтүндөгү ишенимдүү булакка шилтеме жасап Өзбекстан Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергетика системасынан чыгаары тууралуу эскерткенин жазып чыккан. Бул кадам Кыргызстандын Чоң Наманган каналын убактылуу жабуу чечимине жооп иретинде болушу мүмкүн экени болжолдонгон.

Мурдараак кыргыз өкмөтү Өзбекстандын 4 районун суу менен камсыз кылган Чоң Наманган каналы оңдоо иштерине байланыштуу жабылышы мүмкүн экенин эскерткен. Кыргыз өкмөтүнүн бул кадамы Өзбекстандын Ошко газ бербей коюшуна кыргыз тараптын жообу катары бааланган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG