Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Ооганстанда Абдулла добуш саноону токтотууну талап кылды


Президенттикке талапкер Абдулла добуштарды саноодо көз боёмочулук болууда деп айыптап, Улуттар Уюмун бул ишке көз салууга чакырды.


Ал Ооганстандын Көз карандысыз шайлоо комиссиясына ишенбей тургандыгын айтып, өз байкоочуларын добуш саноого көз салууну токтотууга үндөдү.

Шайлоонун биринчи айлампасында 45% добуш алып алдыга чыккан Абдулла Улуттар Уюмунун жетекчилигинде “биргелешкен комиссия” добуш саноону улантсын деген талабын айтты. Ал ошондой эле ооган президенти Хамид Карзайды “шайлоодо бейтарап болгон жок” деп билдирди.

Абдулланын атаандашы Ашраф Гани азырынча эч кандай комментарий бере элек. Буга чейин Улуттар Уюму эки талапкерден тең адегенде шайлоо комиссиясына добуштарды эсептөөгө убакыт берүүнү өтүнгөн.

XS
SM
MD
LG