Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Спикер Келдибековдун тарапкерлерин кабыл алат


Алайда жол тосуп тургандар өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда, 17-июнь, 2014.
Алайда жол тосуп тургандар өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууда, 17-июнь, 2014.
Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлерин эртең, 19-июнда Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Келдибековду коргоо комитетинин жетекчиси Керим Сарыбашев билдирди. Анын айтымында, бүгүн Алайдан келген топ депутат Исмаил Исаков менен жолукту. Анда эртең спикер жана төрт фракциянын лидерлери менен жолугушуу өтөөрү кабарланды. Спикердин басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаев Алайдан келген өкүлдөр депутат Исмаил Исаков аркылуу төрага Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусун өтүнүшкөнүн, алардын өтүнүчү кабыл алынганын "Азаттыкка" билдирди.

Оппозициядагы "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылган тарапкерлери 27-майдан бери Алайда Ош – Эркеч-Там жолун бууп турат. Жолду ачууну кечээ алардан өкмөт өкүлдөрү талап кылып келген, бирок натыйжа чыккан эмес.

Нааразылык акциясынын алты өкүлү бүгүн түнү Бишкекке келди. Аларды өкмөт башчы бүгүн кабыл аларын кечээ Алайга барганда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев айткан. Бирок Оторбаевдин бүгүнкү иш планында аларды кабыл алуу жок экенин "Азаттыкка" өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Келдибеков мамлекетке ири суммада зыян келтирген деген айып менен былтыр кармалып, азыр тергөө жүрүп жатат. Ал өзүнө коюлган айыпты саясый буюртма деп атап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG