Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Сарпашев «Stans Energy Corp» өкүлү менен жолугат


Канадалык бул компания кыргыз өкмөтүн Москвадагы эл аралык арбитражда 117 млн. долларга жыккан. Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев компаниянын өкүлү менен түзүлгөн абал боюнча сүйлөшөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

«Stans Energy Corp» Кемин районунда Куттуу-Сай, Кале-Сай кендеринде сейрек кездешүүчү металл казууга, геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө уруксат алганын, бирок кыргыз бийлиги тарабынан активдеринен ажыратылганын билдирип келатат.

Жогорку Кеңеште аталган кендерге лицензия коррупциялык жол менен берилгени тууралуу маселе бир нече жолу көтөрүлгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG