Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

БУУнун Украинадагы абал боюнча баяндамасы чыкты


БУУ Украина чыгышындагы абал боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. 7-майдан 7-июнга чейинки мезгилди камтыган баяндамада өлкө чыгышында жүздөгөн адамдар өлүп, барымтага алуу, кыйноолор өсүп баратканы белгиленген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысынын адам укуктары боюнча жардамчысы Иван Симонович “чыгышта мыйзамсыздык өкүм сүрүп турат” деп айткан.

Баяндамада 7-майдан бери 356 киши набыт болгону, алардын ичинен 257си катардагы жаран экени белгиленген. Азыркы кезге карай 34 миң киши жер которууга аргасыз болгон. Улуттар Уюму куралдуу топторду куралын таштап, бийлик менен сүйлөшүүгө барууга үндөдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG